Президент Сооронбай Жээнбеков ийгиликтерди багындырып, элге таанылган сыймыктуу уул-кыздарды тарбиялаган энелерди сыйлады. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Президент куттуктаган энелердин тизмеси:
- Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин энеси Сабира Туткучева;
- Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун энеси Гүлнар Абдраева;
- 2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова;
- 22-марттан бери коронавирус менен күрөштүн алдыңкы сабында жүргөн, жумушка өзүн толугу менен арнаган, эмгичекти туугандары менен жакындарын көрө элек Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист-дарыгери Наталья Прыткованын энеси Ольга Прыткова;
- Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Орусия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова;
- Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева;
- Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова;
- Баткендин Лейлек районунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова;
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.