Бүгүн, 17-май Энелердин эл аралык күнү. Энелер күнү расмий майрам болбосо дагы, калк арасында көп жылдан бери өзгөчө маанай менен белгиленип келет. Жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде энелерге таазим кылып, жакшы сөздөрүн тартуулаган адамдар көбөйүп бара жатканы кубандырат.
Бүгүн социалдык тармактардын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү апалары менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөшүп, аларга жылуу сөздөрүн жазууда. Мындан тышкары энелерге арналган түрдүү видеолор да жүктөлүүдө.
Алардын арасынан "Бир гана апамдын апасына эле эмес, атамдын энесине, жеңеме, чоң апама алардын энелерине таазим, бүт өлкөнүн баарына таазим" деген кичинекей баланын сөзү көпчүлүккө жылмаюу тартуулады. Видеодо гүл көтөргөн бала өзгөчө берилүү менен энелерге арнап ыр айтып жатканын көрсө болот.