Орусияда эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды. Алардын бирөө аял киши

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү мыйзамсыз иштерди жасап издөөдө жүргөн жарандарды кармады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

2003-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн 1952-жылы туулган Д.М. аттуу жаран аныкталган. Бул жаранга карата "эркиндигинен ажыратуу жайынан же кайтаруудан качуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 1997-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен 11 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркиндигинен ажыратылган. 2001-жылы мунапыс жөнүндө мыйзамынын негизинде, жазасын өтөө мөөнөтү кыскартылып, соттун чечими менен жатак абакка которулган. Андан соң Ош шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу мекемесинен качып кеткен.

Ал эми экинчи жаран "алдамчылык" беренеси менен Ош ШИИБи 2014-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1986-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалды. Бул жаран 2013-жылы күйөөсү менен чогуу ишенимге кирүү жолу менен алдамчылык кылып, 7 миң 500 доллар акча каражаттарын алып кетишкен. Мындан тышкары ошол эле жылдын октябрь айында ойлоп тапкан шылтоо менен 100 миң сом алып, белгисиз тарапка из жашырган. Жыйынтыгында жабырлануучуга 465 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.

Ошондой эле 2014-жылдан тартып Сокулук РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн Талас облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран аныкталды. Ага карата "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 2014-жылы алдоо жолу менен чет мамлекеттик валютаны жогорулатылган курс менен алмаштырууга шылтап, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, качып кеткен. Жабырлануучуга 449 миң сом өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирген.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш кылган адамдар кармалып, издөө салган ички иштер органдардын бөлүктөрүнө маалымат берилип, кармалган жарандардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан