Орусиялык белгилүү "Что? Где? Когда?" интеллектуалдык телеоюнуна Бишкек шаарынын тургуну Рысбек Курманов катышып, 80 миң рубль утуп алды.
Кечээ, 17-май күнү Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлгөн оюнда Бишкек шаарынын тургуну, системдик администратор Рысбек Курманов катышуучуларга пиктограмма тууралуу суроо узаткан. Жыйынтыгында команда мекендешибиздин суроосунун жандырмагын таба албай, Курманов 80 миң рублга ээ болгон.
Эскерте кетсек, Рысбек Курманов буга чейин да аталган берүүгө катышып, утушка ээ болгон.