"Облус боюнча 14 бала бакча куруу пландалууда". Өкмөт өкүлү Ошто карантинге карабастан, курулуш иштери уланып жатканын айтты

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 18-майда маалымат берип жатып, карантиндик кырдаалга карабастан кээ бир объекттердин курулуш иштери токтобой жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, республикалык казынадан бөлүнгөн каражаттын негизинде 19 объект, анын ичинен 11 таза суу чыгаруучу объекттердин курулушу токтоосуз уланууда.

"Жергиликтүү бюджеттен - 29, жеке демилгелер тарабынан - 21, чет элдик фонддор тарабынан да объекттер курулууда", - деп билдирди өкмөт өкүлү.

Мындан сырткары мекеме облус аймагындагы бала бакчасы жок айыл, шаарларды бала бакча менен камсыз кылууну максат кылып жатат.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча 14 бала бакча куруу пландалууда, курулуш иштери учурда жүрүп жатат", - деп кошумчалады Жылкыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан