реклама
super.kg logo
  Саясат  

Депутат Матраимов жаңы кодекстердин эффективдүүлүгү кандай болуп жатканын сурады

 

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов жаңы кодекстердин эффективдүүлүгү кандай болуп жатканын сурады.

"2019-жылдан баштап жаңы кодекстер иштей баштады. Бүгүнкү күндө жаңы кодекстердин эффективдүүлүгү кандай болуп жатат? Кийинки убактарда кодекстерге көп өзгөртүүлөрдү алып келип жатышат", - деди депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул кодекстер практика жүзүндө пайдаланылып баштаганда тажрыйбалуу кызматкерлерден турган жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. "Соттор тийиштүү органдар менен бирге практиканы бир алып кеткенге аракет кылып, өзгөрүүлөрдү берип турду. Бул жерде кемчиликтер боюнча көп сунуштар келтирилди. Бүгүнкү күндө прокурор тарабынан билдирүү берилгенден кийин кылмыш иши козголду деген өзгөртүүлөр киргизилди. Көпчүлүк бирдиктүү реестрге катталгандан кийин кылмыш иши козголду, жоопко тартылат экен деп түшүнүп жатышат. Качан гана кабарлоо берилгенден кийин кылмыш иши козголуп, тергөө иши кетет", - деди Жамшитов.

Искендер Матраимов жаңы кодекс кабыл алынып жатканда көп суроолор берилгенин айтты. "2019-жылы кодекс колдонулуп баштаганда көп мүчүлүштүктөр болот деп айтканбыз. Эки жылдан бери ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин комитет ар айда кодексти өзгөртүү менен алектенип жатат", - дейт Матраимов.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144685;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: