Өзбекстанда сутка ичинде 9 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, муну менен жалпы ооругандардын саны 2 миң 762ге жетти. Алардын ичинен 2 миң 247 адам оорудан айыгып чыкса, 12 адам илдеттен көз жумган. Ал эми калган бейтаптар стационарларда дарыланып жатат.