Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен жактоочу бир айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Н.А. аттуу жактоочу бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ушул жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Баткен облусуна караштуу Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда Хонда-CRV унаасы Айдаркен шаарынан Кадамжайга бара жатып, дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен. Натыйжада Кадамжай районунун Жийделик айылынын тургуну 1993-жылы туулган Нурсултан Бөрүбаев окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми П.Д. жана К.М. аттуу жарандар аймактык ооруканага жеткирилген.
Ал эми унааны 1978-жылы туулган айдоочу Н.А. башкарып келе жаткан. Ал жол кырсыкка кабылганда мас абалда экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маалымат облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталды.
Айдоочунун баш коргоо чарасын Кадамжай райондук соту 25-апрель күнү карап чыгып, үй камагына чыгарган.
SUPER.KG порталына маркум Нурсултан Бөрүбаевдин жакын досу Эламан Курбаналиевге кайрылып, маркум үйдүн жалгыз уулу экенин артында 2 баласы калганын жактоочу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун талап кылып жатканын билдирген.