Депутат коррупцияга шектелип, башка өлкөгө качып кеткен канча жаран экстрадицияланганын сурады

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралууда. Анда депутат Жыргалбек Турускулов 2019-жылы канча Кыргыз жараны башка өлкөдөн экстрадицияланганын сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 144 жаран сыртта жазаларын өтөп жаткан жеринен өлкөгө алып келингенин айтты.

Депутат коррупцияга шектелип, башка өлкөгө качып кеткен канча жаран экстрадицияланганын сурады.

Башкы прокурор: "Бүгүнкү күндө эч ким алып келинген жок. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов алып келинди. Учура процесс болуп жатат. Экс-депутат Аскарбек Шадиевге издөө жарыяланган. Шадиев сыртынан эркинен ажыратылган, мүлкү камакка алынган. Мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иштери соттук кароодо каралып жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан