Жалал-Абад облусунун Сузак райондук курулуш башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Ж.Т. аттуу жаран пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.