"Милиция 2 сааттан кийин гана келди". Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси үйүнө ууру киргенин айтып чыкты

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болгон Нурсултан Кубановдун үйүнө уурулар кирген. Бул тууралуу кеңешчи өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, укук коргоо органдарынын ишине нааразы экенин билдирди.

"Түн ичинде биздин үйгө уурулар кирип, тиричилик техникаларын жана акча каражатын алып кетишкен. Эң кызыктуусу бул маалда баарыбыз уктап жаткан элек. Ушундай ыйык Рамазан айында дагы адамдар жаман иштерге барат экен да. Жеке мен үчүн бул күтүүсүз болду.

Уурулук фактысы тууралуу укук коргоо органдарына кайрылганымда, эки сааттан кийин гана келишти. Акча жана техника эч нерсе эмес. Бирок уурулар менин маанилүү документтерим жана материалдар сакталган ноутбугумду көтөрүп кеткен. Андыктан, ушул жаатта жардам бере алган адистерди издеп жатам. Пандемияга байланыштуу адамдар кылмышка барып жатса керек, бирок бул нерсе аларды актабайт. Андыктан өзүңөргө жана жакындарыңарга сак болгула", - деген Нурсултан Кубанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulipa
2020-05-20 21:17:57
Ушул биздин ар бир министрдин өзүнүн башы иштебейби дейм да,баарына кеңешчи дайындалган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан