"Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы 12-июндан 19-июнга чейин реалдуу режимде өтөт

"Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы 12-июндан 19-июнга чейин реалдуу режимде өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришет.

Экзамен бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат.

"Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системиндеги практиктер, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарган.

Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан көз эксперттер да дароо таанышышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр.

"Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Караколдо ѳткѳрүлѳт. Имараттар дезинфекцияланат, социалдык аралык сакталат жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан