Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов прокуратура кызматкерлеринин айлыгы аз экенине токтолуп, мындан улам алар коррупциялык иштерге барышы мүмкүн экенин айтты.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Прокуратурада иштеш кыйын, оңой иш жок. Ушул жерде иштеген кесиптештерим убагында 300 сомдон айлык алып иштегендери болгон. Баарыбызга ата-энебиз жардам берет. Коррупциялык кылмышка аралашкандар менен аёосуз күрөшөбүз", - деди.
Учурда жыйында Башкы прокуратуранын отчёту каралууда.