Нарындагы памирлик кыргыздар Ошко көчүрүп келинет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты. Ага республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүндү, 1,2 гектар аянтка 7 үй курулат. Аталган үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүп келинет", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Ооган аймагынан 11 үй-бүлө көчүрүп келинген. Учурда алар Сары-Могол айыл аймагындагы мектептин имаратына жайгаштырылган. Тийиштүү тирилик техникасы, шарттар менен камсыз болгон. Өкмөт тарабынан дагы Памирден боордошторду көчүрүп келүү жана турак жай менен камсыздоо планы коюлган.