Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү убактылуу узартылат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары паспортунун мөөнөтүн Москвада жайгашкан элчиликтен узарта алышат.
- 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде мөөнөтү аяктаса;
- эгерде жалпы жарандык паспорт болсо (загранпаспорт) мөөр басылат;
- эгерде ички паспорт болсо (элде айдикарта) маалымкат жазылып берилет;
- мөөнөтү узартылган паспорт менен Орусия аймагында турууга, иштөөгө жана чек арадан чыгып жатканда Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө болот.
Эскертүү! Паспорттун мөөнөтүн узартуу элчиликте же дипломатиялык мекемелерде гана ишке ашат.
Паспорттун мөөнөтүн узартуу тууралуу жасалма сунуштардан качыңыз!
Паспорттордун мөөнөтүн узартуу акысыз негизде жүргүзүлөрүн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы төмөндөгү мекемелеринде гана жасаларын эскертип кетебиз:
1. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги, Москва шаары;
2. Екатеринбург шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугу;
3. Новосибирск шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугу;
4. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси;
5. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси;
6. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси.
Кыргыз өлкөсүнүн ички паспорттору бар жарандарына дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн паспорттордун мөөнөтүнүн узартылгандыгын тастыктаган атайын коргоочу белгилери менен маалымкат берилет.
Паспорттордун мөөнөтүн узартуу 2020-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинде башталат.
"Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына паспорттордун мөөнөтүн жасалма узартууларды, узартуу тууралуу жасалма маалымкаттарды сиздерге сунуштоодо өзгөчө эскертебиз. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жасалма документтер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.