ИИМдин криминалдык милиция кызматы батирлерден мүлктөрдү уурдап жүргөндөрдү кармашты.
Ыкчам-тергөө жана алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы менен республиканын бир катар аймактарында жарандардын батирлеринен мүлктөрдү уурдоо менен алектенгендер кармалды.
Ушул жылдын 4-январь күнү уурулар күндүзгү маалда Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, ноутбук, фотоаппарат, уюлдук телефон, кийим-кечек, башка мүлктөрүн уурдап кеткен. Жабырлануучуга болжол менен 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Андан сырткары кылмышкерлер эмнегедир домофон менен кондиционердин пультун дагы уурдап кеткени маалым болгон.
Шаардын жашоочусу 2020-жылдын 27-январында белгисиз адамдар анын үйүнө мыйзамсыз киргендиги боюнча ички иштер органдарына кайрылып, дубалга бекитилген сыналгысын алып, үйүнүн ичин чачып кеткендигин билдирген.
Ушул жылдын январь айынын аягында кылмышкерлер Ынтымак жаңы конушунда дагы үйлөрдүн биринин терезесиндеги торчону талкалап, миң доллар акча каражатын, түстүү сыналгысын жана башка буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.
Ушул жылдын февраль айынын башында уурулар үйдүн ээлеринин жоктугунан пайдаланып, Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнө киришип, 80 миң сомдук түстүү сыналгысын уурдап кетишкен.
Ленин РИИБине шаардын жашоочусу кайрылып, ушул жылдын март айында анын үйүнө кирип, уурдоого аракет кылып мүлктү жараксыз абалга алып келип, материалдык зыянга учураткан белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Ушул жылдын 6-март күнү Арча-Бешик жаңы конушунда таңкы маалды уурулар терезени талкалап, жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан сыналгыны уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган.
20-март күнү Арча-Бешик жаңы конушунан дагы уурулук фактысы катталып, кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу кирип, сыналгы, фотоаппарат, зер буюмдарын жана башка буюмдарды уурдап кетишкен. Жабырлануучулардын сөзү боюнча уурулар 350 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.
Кылмышкерлер Рухий-Мурас жаңы конушунан дагы уурулук жасашып, жергиликтүү тургундун үйүнө терезе аркылуу кирип, 40 миң сомдук сыналгы, сүрөттөрдү басып чыгаруучу принтер жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
24-марттан 20-апрелге чейинки аралыкта Ак-Өргө жаңы конушунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан муздаткыч, 45 миң сом акча каражатын, ири суммадагы алтындан жана күмүштөн жасалган ювелирдик жасалгаларын уурдап кетишкен.
Ушул жылдын 10-май күнү ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жашоочусу арыз менен кайрылып, 7-май күнү белгисиз адамдар үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, үйгө мыйзамсыз кирип, сыналгы, уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.
Жарандардын мүлктөрүн уурдоого тиешеси барларды аныктоодо көптөгөн күчтөр жумшалып, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоо менен алектенип жүргөндөрдүн изине түшкөнгө мүмкүн болгон. Уурулук көп учурда жаңы конуштарда жасалып, уурулар шек санатпай үйлөргө кирүү менен сыналгы, тиричилик техникаларын алып чыгып кетишкен.
Уурулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда дагы уурулук менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар. Азыркы учурда эки шектүү жаран кармалды.