Жалал-Абадда 3 адам "Акрамий" диний-экстремисттик агымынан баш тартты

Жалал-Абадда профилактикалык иштердин натыйжасында 3 адам "Акрамий" диний-экстремисттик агымынан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

20-21-май күндөрү Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан облус аймагында "Экстремист" аталышындагы ыкчам, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында 13-май күнү 315-берене "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" менен катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Базар-Коргон районунун Н.Т. аттуу тургунунун жашаган турак жайына тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган "Хизбут-тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Мындан сырткары экстремизм багытында 2 өндүрүш иши ачылса, уруксат документтери жок, мыйзамсыз келип иштеп жаткан чет элдик жарандар боюнча 4 факты, интернет тармактарында жалган маалымат тараткан 1 факты аныкталып, 1 даана мыйзамсыз ок атуучу курал алынган. Ошондой эле мурда жасалган кылмыштар боюнча качып, издөөдө жүргөн 2 атуул кармалган. Ал эми Сузак районунун тургундары 1971-жылы туулган Б.К., 1982-жылы туулган У.Ж. жана 1984-жылы туулган У.Д. бул диний уюмдан баш тартып, бул жол туура эмес экендигин айтышып, жаштарга ар кандай диний агымдардан алыс болуу керектигин билдиришкен.

Азыркы учурда экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында ар кандай диний агымдардын активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандардын жалпы саны 550гө чукул болсо, профилактикалык иштердин натыйжасында жыл башынан бери 23 атуул экстремисттик агымдардын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан