super.kg logo

Каатчылык учурунда ислам банкингиндеги башкы принцип – тобокелчиликти кардар менен тең бөлүшүү

 

Тобокелчиликти банк менен кардардын ортосунда акыйкат бөлүштүрүү – ислам каржылоосундагы башкы принцип. Ислам финансылык борборунун кардарлары үчүн кризис кандай өтүп жаткандыгы туурасында ИФБнын жетекчиси Талант Керимбаев айтып берди.

ИФБ – салттуу банктын алдындагы каржылоонун ислам принциптери менен иш алып барган ислам терезеси болуп саналат. Адаттагы банктардын кардарлары сыяктуу эле ИФБдан кызмат алган адамдар коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр учурунда финансылык кыйынчылыктарга кабылышты. ИФБнын жетекчиси Талант Керимбаев ислам банкингинин башкы принциби – тобокелчиликти кардар менен кошо көтөрүү туурасында айтып берди.

Азыркы каатчылык учурда ИФБ өз кардарларына эмне сунуштайт?

ИФБ Улуттук банкынын сунушу боюнча, арыз менен кайрылган кардарлардын каржылоо шартын кайра карап чыгууда. Каржылоону реструктуризация 2 түрдө жүрүүдө. Биринчиси, бизнес 3 айга жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган учурда кошмо баа кийинки айларга бөлүштүрүлөт. Кошмо баанын өлчөмү өзгөрбөйт. Экинчиси, карантинде тобокелчиликке чындап туш болгон кардарларга мөөнөт дагы 3 айга узартылат. Мында да кошмо баа баштапкы бойдон калат.

Финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон кардарларга кандайдыр бир жеңилдиктер барбы?

Биз карантинге чыккан жокпуз, банк кызматтарын үзгүлтүксүз көрсөтүп жаттык. Биз тобокелчиликти кардар менен тең бөлүшүүдөбүз. Жыйынтыкта, албетте, киреше кыскарууда. Бирок тобокелчиликти кардар менен бөлүшүү ислам принциптеринин башкысы болуп саналат.

ИФБнын негизги кызматтары:

Мурабаха — кардарды каржылоо боюнча активдүү операция. Тиричилик техникасынан тарта бизнес үчүн имаратка чейин каалаган нерсени сатып алса болот.

Мудараба пассивдүү операциясы — депозиттик эсептин аналогу. Акча салуучулар белгиленген пайызды алышпайт, бирок кирешеге да, чыгаша да катышып банктын өнөктөшү болуп калат.

Кард-хасан — жеке жана юридикалык жактарга керектелгенге чейин эсеп. Адаттагы эсептен айырмасы, анын калдыгына пайыз эсептелбейт жана овердрафт иштебейт.

ИФБ картасы — өлкөнүн бардык банкоматтарынан каражат чыгарууга, онлайн төлөм, мобилдик банкингден колдонууга мүмкүнчүлүк берген Элкарт системасынын негизиндеги карта. Ал алкоголь сатуу боюнча дүкөндөрдө жана түнкү клубдарда колдонулбайт.

Контакттар: 6111, 0554 006 111

ifcenter.kg


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.05.2020. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1210
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 17:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн кымбат банк
23.05.2020. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
390
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 20:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылынар болсо вопше кредит албагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144731;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: