Бишкек шаардык мэриясы бул жылы шаардагы 21 турак үйдүн жана бир оорукананын лифттери алмаштырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ушул тапта Бишкек шаардык лифт куруу ишканасы бул жумуштун үстүнөн иштеп жатат.
"Нормативдик мөөнөтү - 25 жылдан ашык эксплуатацияланган 21 турак үйдөгү лифттер жана №1 шаардык клиникалык оорукананын лифттери алмаштырылат. Кышында бул жумушту аткарууга тендер өтүп, Беларустун "Могилевлифтмаш" ишканасы утуп алган. Жабдыктар толугу менен шаарга алып келинген. Ушул тапта ооруканада лифттерди алмаштыруу иштери жүрүп жатат.
Бул жылы лифттерди оңдоого жана жаңылоого 26 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Бишкекте 733 муниципалдык лифттер иштейт, калгандары менчик тараптарга тиешелүү", - деп айтылат мэриянын маалыматында.