22-май күнү 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылы туулган К.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Такталган маалымат боюнча, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң доллар талап кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.