23-майга карата Ысык-Көл облусунда 14 адам коронавирус жуктурганы аныкталган.
"Алардын 8и сырттан келгендер, 5өө үй-бүлөлүк байланыштан жуккан. Учурда 11 жаран изолятордон чыгарылган. 3 жаран облустук ооруканада дарыланууда", - деп билдирди брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров.