Бүгүн, 15-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 108 миллион 788 миң 324 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 61 миллион 42 миң 305 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 399 миң 330 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 639 миң 317 болду. 485 миң 332 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 611 миң 731 адамдан аныкталды. 155 миң 642 адам каза болсо, 10 миллион 561 миң 608 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.