Бир суткада Казакстанда 209 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өткөн суткада 138 адам ооруканадан чыгарылды. Жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 8 миң 531ге жетти. 4 миң 352 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.