Депутат Руслан Казакбаев коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Эл арасында коронавируска каршы каражаттарды сарптоодогу коррупциялык жагдайлар тууралуу айың кептер тарап жатат. Ачык-айкын маалымат берип туруу керек”, - деди Казакбаев.
Финансы министринин орун басары Суеркул Абдыбалытегин эл аралык валюталык фонддон 240 миллион доллар келгенин, 9 миллион доллар башка долбоорлордон багытталганын, 15 миллион доллар Бүткүл дүйнөлүк банктан, 20 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкынан сунушталганын маалымдады.