Акыркы коңгуроо салтанаты 30-майда онлайн форматында өтөт

Бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө онлайн маалымат берип жатат. Анда окуу жылынын аякташы, Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү боюнча маалыматтар айтылып жатат.

Орун басардын айтымында, окуу жылы 25-майда эмес, 30-майда аяктайт. Анда акыркы коңгуроо дагы онлайн форматында өтөт.

"Быйылкы окуу жылы башка жылдардан өзгөчөлөнүп 25-майда эмес, 30-майда аяктайт. Бул үчүн бир нече себептер бар. Биринчиден, убактылуу кырдаалга байланыштуу биз каникулда көбүрөөк эс алдык. Экинчиден, 1-майдан 5-майга чейин дагы бир аз эс алуу болду. Мына ошол окуу программалар толук өздөштүрүлүшү үчүн биз убакытты жылдырдык. 30-майда Акыркы коңгуроо салтанаты кырдаалга байланыштуу онлайн форматында өтөт", - деди министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан