"Дарыгерлерге таазим!". Бишкекте дарыгерлерди колдоо максатында стрит-арт пайда болду

Бишкекте Улуттук госпиталдын бир корпусунда бүгүнкү күндүн баатырлары болгон дарыгерлерди колдоо максатында стрит-арт пайда болду. Бул тууралуу сүрөтчү Сергей Келлер өзүнүн Фейсбук баракчасына жүктөдү.

"Заманыбыздын баатырлары болгон дарыгерлерге терең таазим! Идея жана колдоо үчүн Дастан Бекешевге рахмат", - деп жазган сүрөтчү.

Бул эмгек дарыгерлердин эмгегин баалоо жана аларды кыйын кезеңде колдоо экендигин Дастан Бекешев Фейсбук баракчасында жазып калтырган. "Тирүүсүндө эстелик! Алардын эрдигин кылымдарга калтыруунун мыкты жолу - искусство, зор жана түбөлүктүү. Дарыгерлер, медайымдар коронавирус жана башка бардык көзгө көрүнгүс душман менен талыкпай күрөшүп жаткандар - заманыбыздын каармандары, сиздерге таазим", - деп жазган ал Фейсбук баракчасында.

Буга чейин сүрөт Улуттук госпиталдын имаратынын биринин сыртына тартылары кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан