Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Молдованын президенти Игорь Додон Владимир Путиндин Москвада 24-июнда өтүүчү Жеңиш парадына катышуу чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгуга 24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата парадга даярданууну тапшырган.