Өзбекстанда акыркы бир сутка ичинде 43 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы Навои облусунда 31 адамдан, Ташкент облусунда 6, Ташкент шаарында 4 жана Наманган облусунда 2 адамдан аныкталган.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 3 миң 333 адамдан аныкталды. 14 адам каза болсо, 2 миң 636 бейтап айыгып чыкты.