Португалия улуттук курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду коронавирус оорусуна каршы 1 миллион 100 миң евро бөлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду Португалиянын Лиссабон жана Порту шаарындагы ооруканаларга бул каражатты бөлгөн.
Буга чейин аргентиналык футболчу Лионель Месси дагы коронавируска 1 миллион евро бөлгөн.