Индияда күйөөсү уктап жаткан аялына кобраны коё берип, аялын өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индиялык 27 жаштагы Сураж аттуу мырза эки ирет аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Биринчи жолу 2-мартта аялынын уктоочу бөлмөсүнө 5 миң рупийге сатып алган уулуу кара чаар жыланды коё берген. Жылан чагып, анын кесепетинен 25 жаштагы жубайы Утра эки айдай ооруканада дарыланган. Андан соң аны төркүнүнө алып келип, жакындары карап жатышкан. 7-май күнү жубайынын жанында калган Сураж аялы уктап жатканда кобраны коё берген. Бул ирет Утранын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
"Сураж Утранын бөлмөсүндө эч нерсе болбогондой калган. Утранын апасы кызын көрүп кыйкырып киргенде гана ойгонгон. Утраны тез арада ооруканага жеткиришкен, бирок дарыгерлер анын көз жумганын аныкташкан", - деп жазылат полициянын билдирүүсүндө. Утраны алып кетишкенде кобраны таап, өлтүрүшкөн.
Утра каза болгондон бир нече күн өткөндө Сураж анын байлыгын ээлеп калуунун аракетин көргөн. Ошондо гана кыздын ата-энеси күйөөсүнөн шекшип башташат. Тергөөчүлөр Сураждын жыландын ээси менен бир нече ирет байланышканын жана интернеттен жыланды изилдеген видеолорду көргөнүн аныкташкан.
Маалыматка караганда, Утра колунда бар үй-бүлөнүн кызы болгон, ал эми Сураж банкта иштеген катардагы кызматкер, акчага муктаж болгон. Полициянын берген маалыматына ылайык, нике катталып жатканда Суражга 100 чакты алтын тыйын, жаңы автоунаа жана жарым миллион рупий (азыркы курс менен болжолдуу 489 миң 813 сом) белек кылышкан. "Ал ажырашып кетсе, ага берилген септи кайтарып берүүгө туура келет деп ойлогон. Ошол себептен жубайынын көзүн тазалоону чечкен", - дейт полиция кызматынын өкүлү.
Учурда Сураж камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.