Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерди шайлоо качан өткөрө турганы боюнча республикалык штаб менен кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган комиссиянын мүчөсү Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, кеңешме жакынкы күндөрү өтөт. Шайлоо эпидемиологиялык абалга жараша болот.
Буга чейин шайлоо 12-апрелге белгиленген болчу. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаары кеңештеринде өтмөк.