Индия коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүп баштады

Индия өлкөсүндө коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүлө баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендиги чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматта коронавирустун экинчи толкунуна туруштук берүү оор болгону, вирус жуктургандардын саны күн сайын жаңы рекорддук көрсөткүчтөр менен катталгандыктан, медицина кызматкерлери жарандарга өз учурунда жардам көрсөтө албай, өлүмдүн саны көп катталганы айтылат. Мындан улам коронавирустун үчүнчү толкунунда дал ушундай кырдаалга кептелбөө үчүн 1 миллион 170 миң адамды атайын медициналык окуудан өткөрүү башталды. Ооруканалар атайын кычкылтек концентратору, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен камсыздалып жатканы кабарланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umar7
2021-06-12 21:07:13
Корона вирус баардык мамлеүеттерге жакшы шылтоо болду. Жок эле оорууну вирус болду деп, ар түркүн амалдар менен адам санын азайтырыш
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан