Медицина илиминин доктору, профессор Мамбет Мамакеев "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу Солтобек Эркин Фейсбук баракчасына сүйүнчүлөгөн.
"Гиннесстин рекорддор китебинин" расмий сайтында билдиргендей, Мамакеев эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган. Анын хирург катары иштеген убактысы 67 жыл 181 күн деп белгиленген.
Маалыматка ылайык, Мамбет Мамакеев 2020-жылдын 29-февралында легендарлуу китепке катталган.