Бишкек-Ош жолунда унаа жарга аңтарылып түшүп, жараксыз абалга келген. Кырсыктан эки киши жаракат алды

Бүгүн, 29-май күнү Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, унаа жолдон чыгып, жарга кулап түшкөн. Окуя тууралуу Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.

"Бүгүн саат 16:30 чамасында Токтогул РИИБине жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Биздин ЖКККБнын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Бишкек-Ош жолунун 219-чакырымында кырсык орун алганы аныкталган. Маалыматтарга караганда, Аксы районунун тургундары бараткан Степвагон автоунаасы белгисиз себептерден жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен. 15-20 метрге чейин унаа сүрүлүп барып аңтарылып кеткен. Айдоочунун айтымында, унаада 5 адам болгон. Алардан айдоочу менен бир жүргүнчү жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми калган эки жүргүнчү ошол эле учурда башка унаага түшүп, жолун улап кетишкен. Учурда окуя боюнча материалдар топтолуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз катчы.

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, унаа жарактан чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2020-05-30 00:25:27
Кудай сактасын акырын айдагыла жигиттер оператор жигит Сүйүн деген жол.кейжинин Кыргызстандан Орусияга каттаган супер таксиси
+1
0001KG
2020-05-30 07:17:49
Степвагондун каймана аты "Азреил" да. Авариянын көпчүлүгү ушул Азреил менен болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан