Ошто Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу башталды

Ош шаарында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришет.

"Иш чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Орусия Федерациясынын Оштогу генералдык консулу Роман Свистин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу жүргүзүлөт.

Кыргыз өлкөсүндө Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mister-X
2020-05-30 15:09:45
Жакшы кабар.Россиянын эң беделдүү окуу жайы.Ломоносовго окуйм деп тилек кылган бүтүрүүчүлөр үчүн жакшы нерсе экен.
+3
ZUXRIDDIN20
2020-05-30 15:12:55
Качан курулуп бүтөт
+3
toktor89
2020-05-30 15:35:36
Балдарыбыздын келечегин биринчи местага коюш керек!
+3
erlan2196
2020-05-30 15:37:09
Россиянын билимин, илимин пайдалыныш керек. Болбосо жарыбайбыз. Советское образование было лучшее.
+3
Crokus
2020-05-30 19:59:54
Эн сонун жанылык,Билим бар жерде онугуу да болот.
+2
KaGaH
2020-05-30 21:24:05
Орустардын кол алдынан чыгып кеткен украиндерге даңк,биздикилер орустун айтканынан чыга алышпайт,орустун союздаштары баары кедей өлкөлөр,орус кулдар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан