2012-2016-жылкы олимпиадалык циклде Кыргызстан спорттун 7 түрүнө гана басым жасайт

Кечээ Бишкекте КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин жамаатынын отуруму болуп өттү. Отурумда 2012-2016-жылкы олимпиадалык циклге спорт түрлөрүн бекитүү боюнча Олимпиадалык даярдоо борборунун (ОДБ) директору Н.Акылбековдун отчету угулду. Берилген маалыматты угуу менен агенттиктин жамааты болочок олимпиадага спорттун төмөнкү 7 түрү боюнча спортчуларды даярдоо чечимин кабыл алды: Грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер арасында күрөш, дзюдо, бокс, жеңил жана оор атлетика. Ал эми спорттун төмөнкү түрлөрү болочок олимпиадага даярдык көрүү программасынан алынып салынды: сууда сүзүү, кайык менен жарышуу, мылтыктан ок атуу, 5 түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, кылыч менен сайышуу жана велоспорт. Ошондой эле ОДБнын улуттук курама командаларды даярдоо иши канааттандырарлык эмес деп табылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bektur-taalaibekov
2012-12-09 22:26:32
дзюдочулар алгааааааааааааааа
0
bektur-taalaibekov
2012-12-09 22:27:20
Оштун дзюдочулары алгааааааааааааааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан