Чек ара чыры чыккан Кадамжайда жаракат алган жарандардын бүгүнкү абалы айтылды

Кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдан 15 жаран жаракат алып, алардын ичинен төрт жаран Айдаркендеги ооруканага жаткырылышкан.

Бүгүн, 1-июнда Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору SUPER.KG порталына ооруканада жаткан жабырлануучулардын абалы тууралуу билдирди.

"Төрт жарандын экөө абалы орточо оор деп бааланып жатса, экөөнүкү туруктуу. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат", - деди директор.

Кадамжайдагы чырдан 25 адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан