Бишкектин Свердлов районунда 31-май күнү саат 17:18де Учкун кичи районунун Миң-Булак көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2002-жылы туулган М.Н. аттуу эркек бала чөгүп кетти.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 31-май күнү саат 14:19да ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2001-жылы туулган С.М. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.
ӨКМнын №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.