"Мени сөккөн адамдарга сөгүп жооп бергеним үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучунда турам". Блогер Сыдыман кат жазып, коомчулукка кайрылды

Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.

Бүгүн, 1-июнда блогердин иши боюнча соттун чечими чыгат. Ошого жараша ал кат жазып, коомчулукка кайрылды.

"Менин соттук ишим бүгүн, 1-июнь күнү саат 14:30да Октябрь райондук сотунда өтөт. Жеке оюм боюнча, соттук иш өтө кооптуу абалда турат. Мени сөккөн адамдарга сөгүү менен жооп бергендигим үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучу турат. Мүмкүн сиздердин сотко келип катышууңуздар коомдун көзөмөлү менен сөз эркиндигин сактоо катары бааланып, адилеттүү чечим чыгып калат деген үмүттө кайрылып жатам. Эмоция абалында сөгүнгөндөргө сөгүү менен жооп берген сөздөрүмө 313-беренени таңуулоо өтө ашыкча деп ойлойм. Азыр социалдык тармактарда ким гана сөгүнгөн жок.

Апам президент Сооронбай Жээнбековго эне катарында дагы бир ирет кайрылуу жасады. Кайрылуу каттын көчүрмөсү ушул катка тиркелди. Чындап келгенде, өткөндө апамдын кайрылуусу таасир берип, үй камагына чыгарылдым окшойт. Ага сиздердин маал-маалы менен чыгарган жаңылыктар, элдин пикири жана албетте, президенттин көзөмөлү таасир берди деп ойлойм. Болбосо бул 313-берене менен үй камагына чыгуу болбойт экен. Себеби бул берене өтө оор кылмыш катары бааланат экен. Апамдын жазган сөздөрү толук кандуу чындык. Чынында эле биздин үй-бүлөгө учурда жөлөк болчу жалгыз адам менмин жана биздин жашоо-шарт дагы деле начар. Соттон сот уланып жатып, жактоочуга дагы акчабыз калбай бара жатат. Баш-аягы 6 сот болду. Сөгүнгөнүм үчүн жаза алып келе жатканыма 4 ай болуп калды. 7 жарым жылдык чечим чыкса бул аша чапкандык", - деп жазган блогер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
KaGaH
2020-06-01 21:50:26
Сенин душманың сенин тилиң,тилден чалынган турбайт акылыңа келесиң 7 жылда эч нерсе эмес
+12
Tyty1990
2020-06-01 22:13:22
Жооп берип камалсан Камал. Соз ооздон чыккандан кийин эркексинби жооп бер. Сен камалсан дуйно антарылып кетпейт. Болбосо юбка кийип мен катынмын деп жар сал, ыйла боздо ошондо жаза моонотун кыскараттыр
+9
xnurgul_gul
2020-06-01 22:18:26
Рас болуптур. Эмне болосун анда элди? Ушул сыяктуу болгондорду камап салыш керек.
+8
basyz-kaman
2020-06-01 22:34:31
Мыйзам алдында жооп берсин! Элди бөлүп жарган адамдарды аябаш керек. Сыдыманан мыйзам чегинде жазаланбаса кыргызды ачык эле бөлүп жаргандар чекеден чыгат!
+6
basyz-kaman
2020-06-01 22:37:20
Элди бөлүп жарган оор кылмыш.
+7
Kitep
2020-06-01 22:39:47
Эден кечирим сурагандын ордуна актаныптырда,мен сөккондорду сөктум деп.
+10
elli_88
2020-06-01 23:02:34
Койгулачы жаш бала. Жаштык кылып ойлонбой суйлоп алыптыр. Баарыбыз эле жанылабыз. Чон сабак болду. Жететда. Энеси, кичинекей Бир туугандары эмне болот кесилип кетсе. Кечиримдуу, сабырдуу бололу.кой антпегиле жаш баланын келечегин ойлош керек. Менин боорум ооруп турат. Бул да бироонун баласы
-7
-BOSS-
2020-06-01 23:05:46
elli_88, жаш бала жаш деп унчукпай Кыргыздын жашы жетелек кыздарын алдап элге шерменде кылаберсинби 23 жаш жашбы, үйлөнүп бала тарбиялай турган маалы.
+10
elli_88
2020-06-01 23:27:44
-BOSS-,ал кыздар оздору чыгып жататго эфирге. Эч эч ким чык деп мажбурлаган жок да. Жаштык кылып койдуда бала
-3
Bekish-
2020-06-02 02:12:24
Койгула туугандар. Адам баласы адашат балким бул бала ушудан сабак алып жакшы болуп кетет,мага деле жакпайт болчу. Бул жашоо өтөт кетет
-5
aziko1414
2020-06-02 02:32:51
Жаш баланын тагдыры ушинтип эле талкаланып калатпы. Бироого кулку бирооно ый деген ушу да.
-6
aziko1414
2020-06-02 02:36:05
Бироону каматып эмне табасынар . Бирөөнү табалабай өз жашооңорду кыла бергиле да . Мындай жаман иш ар бирибиздин башыбызда бар. Сабырдуу бололуу жаш баланын тагдырына балта чаппай
-8
Mintip-menu-suybo
2020-06-02 03:09:17
Ким экенин билбейм гоо бул баланын. Бирок закон карапайым элге гана иштешин ээми тушундум ... Эмнеге Сыдыман камалат да, Отунбаева камалбайт... Эмнеге Сыймык тергоодо? Жумалиев уйундо?
-3
Birimdik5555
2020-06-02 05:52:31
Ии апасына эле кыйын,баланы торойт бирок кылыгы,кыял жоругу менен торобойт да. Президент апасы учун жок дегенде уй камагына чыгарып койсо. Бул бала да жаштык кылды,эми эсине келээр
-2
emirchik
2020-06-02 09:09:06
Сыдыман 7 жыл Нормально эле Отуруп Тарбия алып чык Айтмакчы дети жылдан кийин Жаргоный создорду суйлоп чыгасын чиркин!
0
jazmina909090
2020-06-02 09:32:25
Бул баланы түрмөгө отуруусун каалагандар анын ордуна сенин жакының болуп калышы мүмкүн эле кечиримдүү бололу жаңылбас жаак болбойт женилиреек жаза берилиш керек даже адам өлтүргөндөр 7жылга отурушпайт го көрүп атабыз.Мен Сыдыманды жек көрөм чынында просто реально жеке оюумду айттым
-2
Jadyrashka
2020-06-02 10:52:50
Эми бул да бирөөнүн баласы да ата энесине боорум ооруйт, чон суммада штраф салып чыгарса чыгарып койбоду, муну билем жаман журду, жаман суйлоду бирок мындан жаман элди дурботкондор отурат го бийликте эле. Бешененде ушул бар экен эми сабыр кыл, Аллахтан суран.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан