Испаниянын тургуну өзү баккан жыландын курмандыгы болду. Аны өзү баккан 25 жыландын бири чагып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, Испаниянын Альхесирас шаарынын 27 жаштагы тургунун уулуу жылан чагып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага эч бир дары таасир бербей, ууга каршы дарыны Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы медициналык борбордон алдырууга шашылыш түрдө буюртма беришкен. Тилекке каршы, ал дары келгиче бейтап каза болуп калган.
Полиция каза болгон жарандын үйүндөгү 25 жыланды жергиликтүү зоопаркка алып келишкен. Ал эми кожоюнун чаккан уулуу жылан Азиядан алып келингендиги белгилүү болгон.