АКШда 25-майдан бери массалык нааразычылык өтүп жатат. Аталган акциядан жаракат алган Кыргыз жарандары жок деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан.
"Алдын ала маалымат боюнча, массалык нааразычылык акциясында жаракат алып же кармалгандардардын арасында Кыргыз жарандары жок. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз өлкөсүнүн Вашингтондогу элчилиги Кыргыз жарандарына кайрылып, массалык топтолуулар болгон жерге барбоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйноого алынып өлтүрүлгөндөн кийин башталды. Нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.