Орусиянын Камчатка аймагында 2 Кыргыз жаранынын өлүмүнө жана жаракат алышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Камчатка аймагы боюнча тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.
"Иликтөө иштерине ылайык, Капиталдык оңдоо фонду менен "Бумагинъ" ЖЧКсынын ортосунда оңдоп-түзөө иштери боюнча келишим түзүлгөн. Анда "Бумагинъ" ишканасынын башкы директору подрядчик Р.К.Абылаевге турак үйдүн чатырын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми оңдоо иштерин колго алган Абылаев курулуш ишине Кыргыз өлкөсүнүн эки жаранын ишке тарткан.
Тергөө ишинде топтолгон материалдар боюнча, мигранттар иштин жүрүшү менен жол-жоболоштурулган эмес. Абылаев жумушчуларды практикадан, атайын окуулардан өткөрбөй, эмгек коопсуздугун камсыз кылган эмес. Жумуш орундарынын коопсуз абалын көзөмөлдөп, коргоочу тосмолор менен камсыз кылган эмес. 25-майда үйдүн чатырын оңдоп жаткан жумушчулар үйдүн чатырынан кулап түшкөн. Курулуш иштеринин жүрүшүндө коопсуздук эрежелери бузулган. Анын кесепетинен бир жумушчу алган жаракатынан улам жеринде каза болсо, экинчиси Камчатка аймагындагы ооруканага жаткырылды", - деп айтылат тергөө комитетинин маалыматында.
Учурда бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши улантылууда.