"Күйөөм УКМКда иштейт" деп блокпостто чыр салган аял кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду

Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз аял өзгөчө абал учурунда өлкөнүн бүт аймактарында орнотулган блокпосттордун биринде мыйзамга баш ийбей "Менин күйөөм УКМКда иштейт" деп ал жактагыларды коркутуп жаткан видеосу тараган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош шаардык соту аялды үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата мунапыс жарыяланып, анда 44 жаштагы аял кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

УКМКнын басма сөз кызматы аталган видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, видео 31-март күнү Ош шаарынын блокпостторунун биринде тартылганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mashyrbek
2020-06-02 08:13:20
УКМКда иштесе куйоосу мунапыска ийлешетда карапайм жарандар жататко ийлешбей эле мыйзам бийликтин байдын куну болду
+10
taalay25
2020-06-02 09:16:17
Mashyrbek,куоосуно да кесири тийген бул кутурган катындын. ГКНБдан кууп салган
+4
bond02
2020-06-02 09:03:59
Чын эле куйоосу УКМКда иштейт экен да анда.
+6
taalay25
2020-06-02 09:18:23
bond02,аялынын кесиринен кетирген ал жерде бар болгону жарым ставка врач болуп иштечуу экен
+3
Bars88
2020-06-02 10:18:15
Канча жылдан бери жаткандар мунапыс албай бир эки айда кантип илешип калган бул
+3
-ali
2020-06-02 10:36:40
Ушундай акыйкат болбогонду окусам Москвадан кеткимделе келбей калатта
+7
Aimani
2020-06-02 11:05:35
Тобоо. Бир айда соту болуп, уже амнистияга илинип калдыбы? Соттолгону жөнүндө окубай калган окшойм. Же кагаз жүзүндө соттолду, чыкты кылып бүтүрүп коюштубу
+4
001KG
2020-06-02 13:36:54
УКМК Териштирүү иштерин жүрүп жатканын айтты, дейт. Анын эмнесин териштирет? 31-марттан бери териштирип бүтө элекпи? Тажататта ушул сабатсыздар. Видео турат, ким экени аныкталган, дагы эмнесин теширтиресиңер?!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан