Өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 364кө жетти. Акыркы сутка ичинде бул инфекция 2 ак халатчандан аныкталганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Ооруга кабылган медицина кызматкерлеринин ичинен 254ү аталган илдетти жеңип, ооруканадан чыгарылган. Алардын басымдуу бөлүгү кайрадан жумушка кайтканы маалымдалган.
Оору аныкталган медициналык 2 кызматкер Ош шаарында. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.