9-июндан баштап Москвада обочолонуу, өткөрмө уруксаттарын алуу жоюлат

Эртең, 9-июндан тартып Москвада карантиндин айрым тартиптери алынат. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, обочолонуу, электрондук өткөрмө уруксаттарын алуу, уруксат берилген убакытта гана сейилдөө өңдүү эрежелер жокко чыгарылат. Борбор шаардын коомдук палатасынын төрагасы Константин Ремчуков бир аптадан кийин шаардагы кафелер, жайкы кафелер да иштей баштарын айткан.

Москвага карантин режими 29-мартта киргизилген. Көптөгөн жайлар, мекемелер ишин токтотуп, адамдар обочолонууга милдеттендирилген. 12-майдан баштап кайрадан айрым эрежелер жумшартылып, 2-этабы 1-июнда болгон. Анда калкты тейлөө жайлары, кийим кече дүкөндөрү иштеп, элге белгиленген саатта сейилдөөгө уруксат берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ma2as
2020-06-08 18:45:15
Обочолонуу - кыргызчам жакшы эле , бирок мен бул созду кеч тушундум . Супер инфо кээбир нукура создорду , которулагн создорду кашаганын ичине орусчасын жазып койгулачы .
+7
312-banda.
2020-06-08 18:54:42
ma2as, через переводчик которсо керекта
+4
Orozbaii
2020-06-08 19:46:03
ma2as,кандай мааниде обочолонуу дегени
+2
ayzirek91
2020-06-08 20:17:07
Обочолонуу-Самоизоляция
0
gulya583
2020-06-09 02:09:14
Вообще то обочолонуу деген озгочолонуу деген созсдун синоними болуп калат. Маанисин карап тушундурсок орусча выделятся болуп калат. Башкача эле которсо болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан