Биз социалдык тармакта

Кочкордо айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып, оодарылып кетти

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү саат 20:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымынын Кубакы ашуусунда ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып оодарылган.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркаган.

Жерине ӨКМнын №42 өрткө каршы куткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери жеткенге чейин жабыркаган адамды жергиликтүү тургундар унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан