Бүгүн, 2-июнда Индиядан 6 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мекендештер бүгүн, 2-июнда "Дели-Бишкек-Дели" чартердик каттамы менен келишкени айтылат.
"Кыргыз жарандары Индия тарап менен макулдашуунун негизинде учуп келишкен. Учурда бул каттам менен келгендер белгиленген тартипке ылайык обсервацияга алынды. Алар бардык медициналык процедуралардан өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин "Avia Traffic Company" авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча Беларустан Кыргыз өлкөсүнүн 179 жараны кайтып келишкени маалымдалган.