Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта республикалык штабдан билдиришти.
"Коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышын болтурбоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи жана экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындай чара өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө, ошондой эле чет жактардан келгендер ооруну жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилик шарттарында узакка чейин жайгаштырылган жагдайга жана республикада, анын сыртында дагы коронавирустун жайылышынын учурдагы темптерине байланыштуу көрүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
COVID-19 коронавирусуна текшерүү таза жыйынтыктарын көрсөтсө, келген жарандар үй шарттарындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргыз мамлекетине келген жарандар коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү.