Москвада өтүүчү Жеңиш парадына дүйнөнүн 19 өлкөсүнүн армиясы чакырылды

24-июнда Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына дүйнөнүн 19 өлкөсүнүн армиясы чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Анын айтымында, парадга коронавирус инфекциясына каршы иммунитети бар аскер кызматкерлери гана катышат. Ар бир парад өткөрүлгөн жерлерде, керектүү шаймандар менен медициналык пункттар күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү техниканы жана аймакты дезинфекциялоону жүргүзүшөт.

Ошондой эле парадга катышууга дүйнөнүн 19 өлкөсүнүн армиясы чакырылган. Жалпысынан парадда 225 атайын техника жана 75 учак көрсөтүлөт. Алардын катарында 20дан ашык жаңы техникалар, анын ичинде Су-57 жана МиГ-31К истребителдери дагы бар.

Эске салсак, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парады коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган. Парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Raatbek700
2020-06-02 21:44:52
Кыргызстан армиясы катышат бекен
0
Tolkun555
2020-06-02 22:43:23
Raatbek700,биринчи кезекте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан