Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.
Буга чейин Жеңиш парадына Казакстан жана Молдова өлкөлөрүнүн президенттери катышары белгилүү болгон. Ал эми Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Жеңиш парадына КМШ өлкөлөрүнүн президенттерин чакыруу пландалып жатканын айткан.